Шарыпбек Абдылдаевдин өмүр баяны

Шарыпбек Абдылдаевдин өмүр баяны

Абдылдаев Шарыпбек
(1935-2006ж)
Абдылдаев Шарыпбек 5- декабрда Нарын областынын Кочкор районундагы Үкөк айылында туулган.Кичинесинен жетим калып, балдар үйүндө тарбияланып,андан кийин Нарын педагогикалык окуу жайын ийгиликтүү аяктап,эмгек жолун 1958-61 ж. Чекилек,Семиз-Бел,Арсы мектептеринде баштайт.
1961-жылдан 2006-жылдарга чейин Кочкор орто мектебинде тынбай 46 жыл эмгектенген. Шарыпбек өз учурунун мезгил талабына ылайык,заман муктаждыгына шайкеш келе турган жаш муундарды тарбиялоодо жаңы ыкмаларды чыгармачылык, өздүк ойлоп табуучулук менен пайдаланып терең билим берүү үзүрүнө жетишкен. Анын жаңы педагогикалык ыкмаларын Кыргыз өкмөтү тарабынан жогору бааланып, Республиканын башка мектептерине жайылтылган.
1970-80 жылдары мектеп окуучуларынан бригада түзүп, өз айылына чарбачылык иштерге көмөктөшүп, Райондун экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошкон.
Ш. Абдылдаев, эмгекчил,чынчыл,кемчиликтерди бетке айткан нукура педагог катары эл арасында кадыр баркка ээ болуп, өзү эмгектенген мектепке аты ыйгарылган.